Испаниянын футбол боюнча чемпионатынын 16-турунун алкагындагы "Гранада" - "Атлетик" беттеши стадиондо күйөрман каза болгонуна байланыштуу кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу Ла Лиганын басма сөз кызматы билдирди.
Беттеш жекшемби күнү "Гранада" командасынын талаасында башталып, 19-мүнөттө трибунадагы көрүүчүлөрдүн биринин жүрөгү кармап калганда оюн үзгүлтүккө учураган.
"Гранада" - "Атлетик" беттеши стадиондо күйөрмандын трагедиялуу өлүмүнөн улам кийинкиге жылдырылды. Биз анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына, ошондой эле Гранаданын бардык күйөрмандарына көңүл айтабыз. Беттештин кайра баштала турган күнү жана убактысы жакында белгилүү болот", - деп айтылат лиганын билдирүүсүндө.
Беттеш токтотулган учурда коноктор 1:0 эсебинде алдыда келе жаткан.