Сокулукта адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдирди.
Маалыматка караганда, 8-декабрда саат 21:00 чамасында Сокулук районун Жал айылындагы үйлөрдүн биринде эки адамдын ортосунда уруш чыккан. Окуя болгон жерде 1983-жылы туулган Ч.Ж. аттуу жаран 1973-жылы туулган А.З.нын денесине залал келтирип, ал алган жаракатынан улам көз жумган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине (адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 1983-жылы туулган Ч.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.