Ош шаарында массаждык салондун атын жамынып, башка кызмат көрсөткөндөр аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
8-декабрь күнү ыкчам маалыматтын негизинде Курманжан-Датка көчөсүндөгү үй текшерүүгө алынган. Аталган даректи “Массаждык салон” катары ачылып, бирок ал сойкулук жасоо үчүн көмүскө жай экендиги аныкталган. Аны уюштурган 1990-жылы туулган М.А. жана анда кызмат көрсөткөн Ош шаарынын 2003-жылы туулган тургуну Б. кызы Н. милиция бөлүмүнө алынып келинген.
Бул боюнча кылмыш кодексинин 160-беренеси ( Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен кылмыш иши козголгон.
Ош шаардык соту тарабынан сойкулук жасоо үчүн көмүскө жайды уюштурганга шектүү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургуну 1990-жылы туулган М. А.нын баш коргоо чарасы 10-декабрь күнү Ош шаардык сотунда каралып, 10-январга чейин абакта кармоо боюнча чечим кабыл алды.
Учурда тергөө уланууда.