Бишкек шаарында өткөн медиа футбол лигасынын алкагындагы оюн дүйнөдөгү футбол боюнча эң популярдуу "433" инстаграм баракчасына жарыяланды.
Видеодон көрүнгөндөй, оюн учурунда Роналдунун формасын кийген оюнчу менен тамашоучу Актан Рыскелдиев кез келген. Анда ал тамашоучуну алдап, укмуштуудай финт жазаганы көрүнөт.
Бул видео жарым миллионго чукул "жакты" белгисин алды.
"433" инстаграм баракчасы футбол дүйнсүндөгү эң популярдуу баракчалардын бири. Баракчанын 70 миллион катталуучусу бар. Бул баракчага Лука Модрич, Серхио Рамос, Винисиус Жуниор, Криштиану Роналду сыяктуу атактуу футболчулар катталышкан.