Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев УКМКнын дагы бир имаратын ачышты (фото)

Өлкө башчы Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) аталган облус боюнча башкармалыгынын жаңы имаратын ачты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Чогулгандардын алдында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы бул жаңы имарат жана коопсуздук кызматкерлери үчүн жакшыртылган шарттар алардын ишинде чоң ийгиликтерге, жаңы жетишкендиктерге жетишүүдө негизги ролду ойной турганы талашсыз экендигин белгиледи.

Президент Баткен башкармалыгынын түзүлүшү жана өнүгүшү - улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин ак ниет кызматынын үзүрү жана үлгүсү, деп баса белгиледи. Ага далил катары катары президент улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин эрдиктерин кыскача айтып өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан