Казакстанда эки кыргызстандык суукта унаасы тоңуп, көчөдө калган. Алар эвакуацияланды

Коңшу Казакстанда жүк ташуучу унаасы тоңуп, көчөдө калган кыргызстандыктар эвакуацияланды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, эки Кыргыз жараны VOLVO үлгүсүндөгү унаа менен Орусияга бара жатышкан. Жолдогу катуу сууктан улам унаанын дизель майы тоңуп, алар Астана-Петропавловск жолунда калышкан.

Жыйынтыгында жерине райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү аткаруу органдарынын адистери барышкан. Кыргызстандыктар Чапаево айылындагы жылуулук пунктуна эвакуацияланган. Жатакана, тамак-аш Кызылжар айыл аймагынын акими тарабынан уюштурулган.

Эртеси авариялык куткаруу кызматкерлери техникалык жардам уюштуруп, унаа жылытылып, от алдырышкан. Өз кезегинде кыргызстандыктар чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, жолун улантышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан