Казакстанда 14 жашар кызды зордуктоого шектелип эки полиция кызматкери кармалды

Казакстандын Алматы шаарында 14 жаштагы өспүрүм кыз зордукталып, ага шектүү катары эки полиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн ички иштер министри Ержан Саденов билдиргенин Tengrinews.kz. сайты жазды.

Маалыматка ылайык, министр Ержан Саденовго бул окуяны такстыктоо боюнча журналисттер тарабынан суроо узатылып, жообунда мындай факт катталгандыгы айтылган.

"Тилекке каршы, бул факты орун алды. Мурдагы полиция кызматкерлери бүгүнкү күнү ушундай кылмышка барышты. Мындан улам тез арада дисциплинардык комиссия түзүлүп, бул адамдар дароо иштен бошотулду. Учурда алар козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынды", - деген ал.

Министр кошумчалагандай, учурда бул кылмыш боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Эгерде шектүүлөрдүн күнөөсү далилденсе, Казакстандын кылмыш-жаза кодексинин 120-беренесинин 2-бөлүгү "Зордуктоо" боюнча 9 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.



                                            
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан