Япониялык чиновник Роналдуга жолугууга аракет кылганы үчүн жумушунан айдалышы мүмкүн

Япониянын губернатору Кенго Оиси португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду менен жолугушууга аракет кылганы үчүн кызматынан айрылышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Нагасакинин расмий өкүлү июль айында Осака шаарында "Аль-Наср" менен "ПСЖ" командаларынын жолдоштук беттешине катышып, расмий чогулушту өткөрүп жиберген. Оиси ошондой эле беттешке катышуу менен мамлекеттик бюджетти короткон деп айыпталууда.

"Губернатор билетти өз акчасына сатып алганын айтып жатат, бирок жатакана жана жол кире чыгымдары мамлекеттик бюджеттен алынган.

Анын айтымында, иш-чаранын максаты Роналду менен келечектеги жарнамалык иш-чарага катышуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сүйлөшүү болгон", - деп айтылат маалыматта.

Эми аны бул кылганы үчүн жумушунан алуу маселеси каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан