Өлкө боюнча кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл 232 миң гектар жерден 464 200 тонна буудай түшүмү толук жыйналды. Ал эми 239 200 гектар аянтынан 403 200 тонна арпа алынды.
Буудайдын түшүмдүүлүгү боюнча эң жакшы натыйжаларга Жалал-Абад облусу жетишсе, Нарын облусу арпанын түшүмдүүлүгүнөн жакшы көрсөткүч көрсөткөн.
Жалпысынан республика боюнча кылкандуу дан эгиндеринин дүң жыйымы 867 400 тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 297 400 тоннага аз болду.