Чүйдөгү бир нече базарлар ижара акысын арзандатты. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат Министрлер кабинетинин салык реформасын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында соода-базар комплексинин ээлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, арзандатуу боюнча келишимге жетишти. Анын жыйынтыгында "Мадина" базарында жана Токмок шаарынын базарларында ижара баалары 30 пайызга арзандатылган.
Ушундай эле келишим менен Кара-Балта шаарындагы “Береке” соода-базар комплексинде, Жайыл районундагы “Жайыл базары” соода-базар комплексинде, Беловодск айылындагы “Ярмарка” жана “Айдар” кичи базарларында, Сокулук районундагы “Нурлан”, “Жибек-Жолу”, “Сары-Өзөн”, “Айбек”, “Заря” кичи базарларында, Панфилов районундагы “Артел О” жана “Ак-Жолтой” кичи базарларында ижара баасы 30 пайызга арзандатылган.
Ал эми Жайыл районундагы унаа тетиктери базарынын ээси У. Ногойбаев ижара акысын 35 пайызга төмөндөткөн. Ошол эле учурда Кемин районунун “Ажка”, “Бар Бол” кичи базарлары ижара бааларын 20 пайызга арзандаткан.
"Мамлекеттик саясатты ишке ашырууга көмөктөшүү максатында соода-базар комплексинин ээлери Чүй облусунун базарларында ижара акысын төмөндөтүүнү чечишти", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Чүй облусундагы соода-базар комплекстеринин ээлери базарлардын инфраструктурасын жакшыртуу менен бирге, ишкерлердин каржылык жүгүн жеңилдетүү максатында контролдук-кассалык машиналар (ККМ) менен акысыз камсыз кылышат.