Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык
районундагы баш аламандыкта 16 адам каза
болду. Бул тууралуу чет элдик массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эки полиция кызматкери Кашкар шаарында кылмышкерлерди
кармоого катышып жатышкан. Ошол убакта уйгур улутундагы жергиликтүү тургундар күйүүчү суюктуктун аралашмасы куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Полиция ок чыгарууга мажбур болуп,
жыйынтыгында 2 полиция кызматкери жана 14 баш аламандыктын катышуучусу каза
болгон.
Ушул жылдын ноябрь айында ислам динин жактаган кытайлык уйгурлар полиция бөлүмүн басып алууга аракет кылышкан. Анда 2 полиция кызматкери жана
басып алуучулардын бардыгы каза болгону маалым болгон.
Синьцзян-Уйгур автономиялык
районунда полиция кызматкерлерине кол салуулар тез-тезден болуп турат. Аймакта
Кытай бийлиги тарабынан улутчулдук жана сепаратизм менен айыпталган “Чыгыш
Түркстан” кыймылы иш алып барат.