Түркияда футболдон кийин калыс катуу сабалды. Ага Эрдоган реакция жасады

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкө чемпионатынын 15-турунун "Анкарагюжу"- "Ризеспор" беттешинде калысты сабаган окуяны айыптады. Бул тууралуу президент социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Бүгүн кечинде ойнолгон "Анкарагюжу" - "Ризеспор" беттешинен кийин калыс Халил Үмүт Мелерге жасалган кол салууну айыптайм жана анын тезирээк сакайып кетишин каалайм. Спорт тынчтык, бир туугандык дегенди билдирет. Спорт зомбулук менен шайкеш келбейт. Түрк спортунда зомбулукка эч качан уруксат бербейбиз", - деп жазды Эрдоган.

Кечээ, 11-декабрда өткөн "Анкарагюжу"- "Ризеспор" беттешинде башкы калыс Халил Мелер биринчи бөлүктө үй ээлеринин голун жокко чыгарып, 50-мүнөттө чабуулчу Али Соуны оюндан четтеткен. Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.

Оюндан кийин "Анкарагюжунун" президенти Фарук Кожа талаага чуркап чыгып, башкы калысты муштуму менен бетке чапкан. Ал аз келгенсип калыс жыгылып калганда тепкилеп жиберген.

Жыйынтыгында оюндун башкы калысы ооруканага түштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан