Бишкек мэри Айбек Жунушалиев "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын аймагын текшерди. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, анда коомдук транспорттун айдоочуларына шарттарды жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.
Калаа башчы аталган ишкананын жетекчиси Талант Капаровго каттамдардын графигин сакталышын көзөмөлдөөнү жана автобустардын ортосундагы бекитилген интервалды – 8-10 мүнөттү сактоону тапшырды.
"Азыр биз жарандарды коомдук транспортко өтүүгө чакырабыз. Бул тиешелүү шарттар түзүлүшү керек дегенди билдирет" деп белгиледи калаа башчы.
Ошондой эле ишкананын жетекчилигине айдоочулардын кесипкөйлүгүнө, тактап айтканда, алардын билимине жана тажрыйбасына өзгөчө көңүл буруу, ошондой эле кадрдык резервден потенциалдуу талапкерлерди окуу курстарына жөнөтүү милдети жүктөлдү.
Мындан тышкары, “БЖАИ” жана “БТБ” ишканаларында административдик бөлүктөгү штаттык бирдиктерди кыскартуу жана жумушчу күчүн көбөйтүү жолу менен оптималдаштыруу иштерин жүргүзүү тапшырылды.
"Эгерде шаардыктар муниципалитеттин демилгесин колдоп, коомдук транспортко өтүшсө, Бишкек шаарынын мэриясы зарыл болгон учурда кошумча 50 автобусту линияга чыгара алат (транспорттун бардык муктаждыктарын камсыздоо үчүн). Ошентип линиядагы автобустардын жалпы санын 500 автобуска чейин жеткирүүгө болот.
Ошону менен бирге коомдук транспорттун кошумча көлөмү тыгынды жаратпаш үчүн линияларда автобустарды жана троллейбустарды көбөйтүү боюнча сарамжалдуу чаралар көрүлөт" деп айтылат маалыматта.