Коңшу казакстандык ырчы Кайрат Нуртас үй-бүлөсү тууралуу кептерге жооп берди. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, ырчы майрамдык концерттердин биринде жубайы Жулдыз Абдукаримова менен дагы деле мамилеси бар экенин айткан.
"Эки кызым, бир жубайым бар. Экөөбүз чогуубуз, кабатыр болбогула", - деген Кайрат Нуртас.
Буга чейин Жулдыз Абдукаримова ырчынын инисинин тоюна келген эмес. Бул казак коомчулугунда талкуу жараткан.