Испаниялык Жон Рам Сауд Арабиянын командасы менен келишим түзүп, дүйнөдөгү эң көп маяна алган спортчу болуп калды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.
29 жаштагы гольф оюнчусу жаңы келишимдин шарттарына ылайык, бир жылдын ичинде Криштиану Роналду менен Лионель Мессини кошкондон да көбүрөөк киреше табат жана андан тышкары, ал дагы бир нече эксклюзивдүү шарттарды алды.
Тагыраагы, ал жылына 600 миллион долларлык келишимге кол койгон. Мындан улам ал дүйнөдөгү эң көп киреше тапкан спортчу болуп калды. Ошондой эле спортчу Сауд Арабия Королдугунун жеке учагын колдоно алат эле.
Мындан тышкары, анын үй-бүлөсү үчүн жеке жардамчыдан баштап 24 саат бою иштеген ашпозчуларга чейин 10 адамдан турган команда кызмат кылат.