Газа тилкесинен Орусиянын дагы 22 жараны эвакуацияланды

Кечээ, 12-декабрда Орусиянын дагы 22 жараны эвакуацияланды. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары жазды.

Маалыматка караганда, бир күн мурда Орусиянын ӨКМнын учагы Газа тилкесиндеги жарандарга 17,5 тонна гуманитардык жардам жеткирди. Анда муктаж болгондорго азык-түлүк, дары-дармек, жууркан, кийим-кече жөнөтүлдү.

"Бүгүн дагы 22 адам Газа тилкеси менен Египеттин чек арасындагы Рафах өткөрмө бекети аркылуу өткөрүлдү. Азыр эвакуацияланган орусиялыктар жана алардын үй бүлө мүчөлөрү автобус менен Каирге жөнөп кетишти. Ыкчам штабда аларга орусиялык куткаруучулар, психологдор жана дарыгерлер ар тараптуу жардам көрсөтүшөт", - деп жазылат анда.

Белгилей кетсек, гуманитардык миссия башталгандан бери согуш болуп жаткан аймактан жалпы 1051 адам, анын 473ү балдар Орусияга жеткирилген.


                                            
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан