Нурсултан Назарбаев дүйнө өзөктүк кырсыкка жакындап калганын айтты

Учурда дүйнө ядролук кырсыкка мурдагыдан да жакындады. Бул тууралуу Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев "Астана клубунун" жыйынында айтканын Назарбаевдин маалымат кызматы билдирди.

"Биз ядролук кырсыкка мурда болуп көрбөгөндөй жакындап калдык. Мындай регрессия мени өзгөчө тынчсыздандырат, анткени биздин өлкө өзөктүк куралсыздануу ишине чоң салым кошкон", - деген Назарбаев.

Ошондой эле ал кызматтан кеткенине карабай, келечек үчүн ой жүгүртүүнү токтотпой турганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан