Жалал-Абадда көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулугу күтүүсүз текшерилди

Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басарынын милдетин аткаруучу Миргүл Эгемова күтүүсүздөн калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулугун, отканалардын ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда калаа мэриясынан билдиришти.

Маалымдагандай, текшерүү учурунда айрым көп кабаттуу үйлөрдө батирлер жакшы жылыбай, 1-отканада жылуулук белгиленген нормада берилбей жатканы аныкталды. Мындан улам жеринде "Жалал-Абад региондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмесинин" жетекчисине эскертүү берилди.

Мекеменин жетекчиси отканадагы жагдайды техникалык себептер менен түшүндүрүп, батирлердеги жылуулуктун төмөн болушу эң жогорку кабаттагы батирлердин жылуулук түтүктөрүндөгү абанын чыгарылбай калганы менен байланыштырды. Ошондой эле айтылган кемчиликтер жоюла турганын белгиледи.

Текшерүү аба ырайынын кескин төмөндөшү жана айрым жашоочулардын кайрылуусунун негизинде уюштурулганы, алдыда мындай текшерүүлөр күн сайын улантылары кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан