Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Свердлов РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-июнда милицияга Ж.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээси чала тааныш жаран уюлдук телефон саткан дүкөндөрдүн биринен сатып берем деп ар түрдүү үлгүдөгү телефондорду алып кеткенин айткан. Шектүү өз убагында кайтарып бербегендиктен жабырлануучу 227 миң сом зыян тарткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза Кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган З.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.