Ысык-Атанын тургуну айылдашын атып салган. Шектүү кармалды

Ысык-Атада айылдашын тапанча менен бутка аткан шектүү кармалганын бүгүн, 13-декабрда Чүй ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-декабрда саат 00:10 чамасында Ново-Покровка айылынында жайгашкан май алмаштыруучу жайдын жанында айыл тургундарынын ортосунда чыр чыгып, 1973-жылы туулган М.Р. аттуу жаран тапанчасы менен 1993-жылы туулган Д.Т. аттуу жаранды бутка аткан. Ал денесинен оор жаракат алып, аймактык ооруканага жаткырылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесине (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Окуя болгон жерден 1944-жылы чыгарылган ТТ (Тула Токарев) үлгүсүндөгү тапанча 2 даана гильзасы менен табылып, алар кылмыш ишинде далил буюм катары алынган.

Кылмыш ишине шектүү катары М.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан