Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуу боюнча резолюция кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, мындай чечим уюмдун баш кеңсесинде кол чабуулар менен кабыл алынып, документке жалпы 153 мамлекет кол койгон. Ал эми АКШ, Израиль, Австрия жана Чехияны кошкондо 10 мамлекет каршы чыккан. Украина, Улуу Британия, Германия, Италия, Аргентина, Грузия жана башка өлкөлөр калыс пикирин билдирген.
Ошондой эле Башкы ассамблея Америка Кошмо Штаттарынын ХАМАСтын чабуулдарын айыптаган пунктуну киргизүү сунушуна каршы добуш берген.
"Резолюцияны Газа тилкесиндеги тургундардын абалы оорлошкондугуна байланыштуу Египет жана Мавритания даярдаган. Анда ок атышпоодон тышкары барымтадагыларды эч кандай талаптарсыз бошотуу жана жергиликтүү жашоочуларды коргоо тууралуу айтылган. Авторлор документтин гуманитардык багытта экендигин жана аны саясатташтырууну каалабай тургандыгын белгилешкен", - деп айтылат маалыматта.