“Арабдардан үй алып берем...”  Милиция алдамчылыкка шектүү аялды кармады

Ноокат районунун аймагында жашынып жүргөн жеринен алдамчылыкка шектүү катары А.М. аттуу аял кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, милицияга 12 жаран арыз менен кайрылып, А.М. аттуу жаран арабдардын атайын фондунан үй алууга көмөктөшөм деген шылтоо менен ири суммадагы акчаларын алып, изин жашырып кеткенин айтышкан. Жабырлануучулардын эң аз бергени 10 миң доллар, эң көп бергени 12 миллион сом жана 20 миң доллар берген.

Учурда кармалган жаран А.М.нын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Шектүүнүн баш коргоо чарасы бүгүн, 13-декабрда Ош шаардык соту тарабынан каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан