Жалал-Абад ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясы жана басма сөз кызматы тарабынан "Кылмыштын кесепеттери" аталышындагы кыска метраждуу тасма даярдалды.
Тасма "Saferworld" долбоору жана "Эл аралык толеранттуулук фонду" тарабынан АКШнын каржылык колдоосунда "Милиция менен калктын ортосундагы социалдык өнөктөштүк" долбоорунун алкагында ишке ашырылган.
Кыска метраждуу тасмада Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери жана “Барпы” театрынын актер, актрисалары роль жаратып, мазмунунда тарбиясы начар баланын өмүрү баяндалат. Ал өзүнүн жасаган оор кылмышынын натыйжасында соттолуп, соттуулугунун кесепетин үй-бүлөсүнө тийгизип, анын атасы жумуштан алынып, бир тууган иниси жумушка кире албай калат.
Тасманы даярдоонун негизги максаты жаш өспүрүмдөрдүн жашоодо жаӊылып калбай, туура жолду тандоосуна шарт түзүү жана кылмыштуулуктун алдын алуу болуп саналат.