"Газпром балдарга ден соолукту чыңдоо" борборунда эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын волейбол федерациясынын президентинин клубдар аралык мелдеши жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген командалар катышып жатат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Эркектер арасында:
1-орун "Жалал-Абад";
2-орун "СКА МО КР";
3-орун "ОшМУ";
Кыз-келиндер арасында:
1-орун "ОшМУ";
2-орун "Дордой";
3-орун "Салим Алик".
Эскерте кетсек, аталган мелдеш 5-декабрь күнү башталган. Мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы “Жаштык” массалык иш-чаралар жана жаштар менен иштөө дирекциясы жана Кыргызстандын волейбол федерациясы тарабынан уюштурулду.