Кыргызстандын грек-рим күрөшү жана бокс боюнча курама командалары Өзбекстанда эл аралык мелдештерге даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Маалыматка ылайык, балбандар окуу-машыгуу жыйынын Ташкент шаарында өткөрүүдө. Ал 6-декабрда башталган, 20сында жыйынтыкталат.
Курама команданын тизмеси:
60 килограмм - Жоламан Шаршенбеков, Афтандил Таалайбек уулу;
67 килограмм - Аманат Самат уулу;
77 килограмм - Акжол Махмудов;
87 килограмм - Атабек Азизбеков, Азат Салидинов, Асан Жанышов;
97 килограмм - Бексултан Махмудов;
Арсен Эралиев - улук машыктыруучу;
Азат Эркимбаев - башкы машыктыруучу.
Ал эми мушкерлер Янгиабад шаарында машыгууда. Алар 10-декабрда барышкан, 21ине чейин болушат.