“Орто-Сай” базарын тейлеген салык кызматкери кармалды

Бишкек шаарындагы “Орто-Сай” базарын тейлеген салык кызматынын дагы бир кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, калаадагы Октябрь районунун салык кызматкерлери кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып “Орто-Сай” базарынын соодагерлеринен мыйзамсыз акча өндүрүп жүргөндөрү аныкталды.

Тактап айтканда, аталган район боюнча салык башкармалыгынын кызматкери С.Э.М. жүктөлгөн функционалдык милдеттерине карабастан ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, баюу максатында “Орто-Сай” базарынын соодагерлеринен мыйзамсыз акча алып, ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзгөн.

"Салык кызматкерлеринин мындай аракеттери базардагы соодагерлердин нааразычылыгын жаратып, жалпысынан жүргүзүлүп жаткан салык реформасына, анын ичинде контролдук-кассалык машиналарды киргизүүгө терс таасирин тийгизүүдө.

13-декабрда чогултулган материалдардын негизинде салык кызматкери С.Э.М кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда мындай кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды жана мамлекетке келтирилген зыянды аныктоого багытталган тергөөлөр уланып жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан