Мирбек Атабеков Мээрим аттуу бийкечке үйлөндү

Бул жылы көпчүлүк элдин катарында шоу-бизнес өкүлдөрүнүн бойдок кыз-жигиттери түгөйлүү болушту. Ошолордун катарында кечээ, 2013-жылдын 16-декабрында кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчысы, "Супер-Инфонун " тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" аталган Мирбек Атабеков ашыгы Мээрим Төлөпбергенди кыргыздын салты боюнча сөйкө салып, колдон алып кетти. Бул тууралуу ырчынын менеджери билдирди.
Анын айтымында, кыз узатуу тоюна Мирбек менен Мээримдин эң жакын адамдары гана катышкан. "Кыздын ата-энеси кыз узатуу тоюнан кийин күйөө бала тарапты "Жаннат" эс алуу борборунда коноктоду. Саналуу, 50 чакты гана адам бардык. Мирбектин бул жакшылыгына ырчылардан Гүлнур Сатылганова жана Замир Арыкбаев катышты. Мээримге ак жоолук салып, чачыла чачып алып кеттик. Эки жаштын үйлөнүү үлпөт тою жакынкы күндөргө белгиленди",- деп кошумчалады ырчынын менеджери Нургүл.
Белгилей кетсек, Мирбек Атабеков быйыл жайында "Супер-Инфого" жана SUPER.KG порталына "Түз байланышка" келгенинде үй-бүлө тууралуу берилген суроолорго да жооп берген. Колдонуучунун "Эмне үчүн Мээримди тандадың? Ал башка кыздардан эмнеси менен өзгөчө?" деген суроосуна  "Анын акыл-эстүүлүгү, тарбиясы, бир сөз менен айтканда, ал менин табитиме туура келет" деп жооп кайтарган. Дагы бир колдонуучунун "Сүйлөшкөн кызың Мээрим той болор күнү элдин көзүнчө сага келатып эле «передумала» деп качып кетсе эмне кылат элең?" деп калтырган суроосуна ырчы "Алдадың" деген клибимдегидей болуппу? Ха-ха... Андай болбойт болуш керек. Антсе кино болуп кетет. Бул суроо кайдан, эмнеден улам чыкты деп таң калып жатам... Биринчиден, качырбаганга аракет кылабыз. Мээрим качып кетеби, мени менен калабы, так маалыматын жакында билесиздер го" деген жообун берген.
Негизи эки жаштын буга чейин эле ар кандай маданий иш-чараларда, тойлордо чогуу ээрчишип жүргөнү белгилүү. Алтургай Мирбектин ашыгына өзү көйнөк тандап бергени тууралуу айтканы да бар.
  
Мирбек Атабеков Мээрим аттуу бийкечке үйлөндү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
aitowa11
2013-12-18 04:22:52
Бактылуу болгула. Кооп балалуу болгула,негизи бири бирине абдан пара жубайлар экен. Коз тийбесин
+1
mamashov-emil
2013-12-18 08:00:57
baktyluu bolushsun! kelincheginin kanchanchy jylky ekenin aityp koigulchy super.kg?
+1
vanPersi
2013-12-18 08:35:55
бактылуу болгула!
+1
azamat.k
2013-12-18 09:57:54
Бактылуу жана 12 балалуу болгула...
+1
nurbek290992
2013-12-18 22:35:02
Куш Боонор бек болсун!!! Мирбек Мээрим!
+1
Chynara3
2013-12-19 02:27:47
Бактылуу жана улгулуу тугойлордон болгула!
+1
Shekerbek
2013-12-19 17:25:01
окоо мынча ошкош
+1
mirzat94
2013-12-20 11:02:25
бакыт сиздерге
-1
gutler
2013-12-21 10:36:22
Мээрим- жылдыздуу кыз экен. Мирбек экоо окшош экен. Бакыт,бакыт жана бакыт!
0
omko
2013-12-21 16:16:36
Куш боонор бек болсун, кармашкан колунар эч узулбой журо бергиле!
0
syrduu
2013-12-21 18:09:06
бактылуу болгула!!!!!!
экоотен бири бирине окшош экен Аллахта озуно окшошун таап берет
0
ulushka
2013-12-22 03:59:54
Мирбек азамат.
0
kyrgystan17
2013-12-22 04:40:15
мирбек мекендешим урганын уул болсун калганы кыз болсун оооомииин!!!!!
0
melis.gulzat
2013-12-23 00:25:17
Бактылуу болгула быжыраган коп балалуу болгула
0
zaika.tvo9.1990
2013-12-23 08:25:31
бир караганда аябай окшош экенсинер, бактылуу болгула.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан