Азербайжан менен Армения туткундагы жоокерлерин алмашты

Азербайжан жана Армения өлкөлөрү туткунга алынган аскер кызматкерлерин алмашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, алмашуу эки өлкөнүн чек арасындагы Газах аймагында кечээ, 13-декабрда орун алып, Азербайжан Ераванга 32 аскер кызматкерин, ал эми армян тарап Бакуга эки аскерин өткөрүп берди.

Кайтарылган 32 армян аскерлери 2020-жылдын декабрь айында Тоолуу Карабак аймагынын азербайжан-армян чек арсында барымтага алынган. Азербайжандын эки жоокери болсо ушул жылдын жаз мезгилинен баштап туткунда болгон.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-декабрында Азербайжан менен Армения мамилелерди жөнгө салуу жана тынчтык келишимин түзүү чараларынын алкагында туткундарды бошотууну макулдашышкан. Тараптар мындай аракеттерди "ишенимди бекемдөө кадамы" деп атады.


                                            
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан