Бишкекте 15 жашар өспүрүмдү зордуктоого аракет кылган 42 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте окуучу кызды зордуктоого аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Ленин РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-ноябрда К.Г. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Арыз ээси белгисиз жаран анын 2008-жылы туулган, жашы жете элек жээнине кол салып, зордуктоого аракет кылганын айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37, 154-беренесине (Зордуктоого аракет кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган Д.Ж. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан