Жалал-Абадда тик учак менен тоодо жабыркаган жаран куткарылды

Жалал-Абадда тоодо жабыркаган жаран тик учак менен куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Акташ айылында тоодон кокустуктан кулап түшүп, бутунан жана башынан жаракат алган М.У. аттуу жаран бүгүн ӨКМга караштуу Авиациялык издеп-куткаруу кызматы тарабынан тик учак менен куткарылды.

"Аталган жаранды учкучтар Акташ айылынан Бишкек шаарына тик учак менен алып келип, тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Учурда жаракат алган адам дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан