Оштун Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда жол кырсыгына кабылган беш жаран куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-декабрда Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 19-чакырымында Хонда Одиссей мамлекеттик үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, каналдын жээгиндеги бакка урунган. Ичинде 3 аял жана 2 жаш бала болгон.
Жерине Кара-Кулжа райондук ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, жарандарга жардам көрсөтүлдү.