Бүгүн, 14-декабрда кыргызстандык "Абдыш-Ата" футбол клубу түркмөнстандык "Мерв" футбол клубу менен оюн өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалым болгондой, беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.
Беттеште 8:3 эсеби менен "Абдыш-Ата" жеңишке жетти.
Эске салсак, 5-турдан кийин "Абдыш-Ата" 13 упай менен "Е" тайпасынын турнирдик жадыбалынын сап башында туруп, мөөнөттөн мурун турнирдин кийинки - плей-офф баскычына чыккан.
Белгилей кетсек, ата мекендик клубдар арасында канттык команда АФК Кубогунун плей-офф баскычына жеткен алгачкы клуб болду.
"Тайпалык этап аяктаган соң интерзоналдык жарым финал (2024-жылдын 6-7, 13-14-март күндөрү) жана интерзоналдык финалдын оюндары өтөт (17 жана 24-апрель күндөрү), аталган оюндар «үйдө жана конокто» форматында уюштурулат. Андан соң башкы финалдык беттеш 2024-жылдын 5-майында орун алат", - деп айтылат маалыматта.