12-декабрда Түркиянын парламентинде жалпы жыйында сүйлөп жатып жыгылган депутат Хасан Битмез кечээ, 14-декабрда ооруканада каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Түркия парламентинин оппозициячыл депутаты, 54 жаштагы Битмез 12-декабрда Израилдин баскынчылыгы тууралуу 22 мүнөттүк сөз сүйлөп, андан соң жүрөгү кармап калган. Депутат эсин жоготкон учур түз эфирде көрсөтүлдү.
Кант диабети менен ооруган Битмез оор абалда аймактык ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк анын жүрөгү токтоп калганы белгилүү болгон. Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожанын айтымында, ангиография Битмездин жүрөгүнүн эки негизги артериясы толугу менен бүтөлүп калганын көрсөткөн.