Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү жакырчылыкты жоюу боюнча көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу айтты. Бул тууралуу өлкө башчы бүгүн, 15-декабрдагы экинчи Элдик курултай учурунда билдирди.
Президенттин айтымында, жакырчылыкты жоюу максатында социалдык келишимдин негизинде эч кандай пайызсыз 10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдук каражаттар берилди.
“Социалдык контракт боюнча долбоорлорубуз элибизге оң таасирин тийгизип жатат. Ушул жылы он миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон көмөк көрсөттүк. Кийинки жылы 20 миң үй-бүлөгө жардам кылуу мерчемделүүдө. Мындай аракеттер өлкөбүздөгү жакырчылыкты жоюу болуп эсептелет”, - деди ал.
Ошондой эле өлкө башчысы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чакан бизнести өнүктүрүү үчүн каражат берүү республикадагы жарандардын абалы жакшырганга чейин уланарын кошумчалады.