
Бишкекте 398 граммды түзгөн гашиш баңгизаты менен 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Ички иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 27-ноябрда милиция тарабынан 2001-жылы туулган Б.Э. жана 1980-жылы туулаган Э.Б. кармалган. Текшерүү учурунда Б.Эге таандык спорттук сумкадан төрт бурчтук формадагы 30 даана брикет табылган.
Экспертизанын корутундусу менен бул зат салмагы 398 граммды түзгөн гашиш экени аныкталган.
Учурда 2 шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.