Жетинчи чакырылыштын депутаттары бүгүнкү күндө мамлекеттик тил боюнча мыйзамды заманбап келечекке ылайыктап кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда өтүп жаткан Элдик курултайда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев билдирди.
Айтымында, мыйзамды президент Садыр Жапаров дароо колдоп, кол койгон. Бүгүнкү күндө ал мыйзам иштеп жатат.
“Мамлекеттик тил боюнча айта турган болсок, кабыл алынган мыйзамдын негизинде бардык Кыргыз жараны кыргыз тилинде сүйлөп, кандай гана делегациялар болбосун кыргыз тилинде жүргүзүлүүсү керек. Мыйзамдын сакталышын биз парламент көзөмөлгө алабыз”,- деди Нурланбек Шакиев.
Мындан тышкары билим тармагын жакшыртуу максатын утурлай ушул жылы май айында заманбап билимге ылайыктуу мыйзам да кабыл алынган. Ошондой эле алдыда кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү жана жемкорлукка каршы мыйзамды татаалдаштыруу жана катаалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун кароо тургандыгы кошумчаланды.
“Анткени бул жагдайлар мамлекет үчүн, кыргыз элинин келечеги үчүн коркунуч болуп саналат. Бүгүнкү бийликтин кайраты, күчү менен кылмыштуу топтун башчылары жок болду. Ал эми мүчөлөрү тийиштүү жазага тартылууда. Президент да өз сөзүндө айткандай сырттан келген инвесторлор да бул чөйрөдөн чочулачу. Мындан улам парламент мамлекетке салым кошуу иретинде бул боюнча мыйзамды карап, жакынкы күндөрү кабыл алабыз” - деди төрага Шакиев.
Учурда Кыргыз жарандарынын көпчүлүгү сыртта миграцияда жүрүшөт. Соңку 20 жылда мамлекеттин экономикасына мигранттар чоң салым кошту деген Шакиев, алар жыл сайын 2 миллиард доллардын тегерегинде мамлекеттин бюджетине көмөк кылганын баса белгиледи.
Анын пикиринде, мамлекет эми бутка туруп, экономикасы алдыга жылып келе жатат. Мындан улам мигранттарга мамлекет тарабынан кам көрүлөт.
“Тийиштүү мамлекеттик органдардын маалыматына караганда, мигранттардын саны 200гө кыскарды. Мунун баары өлкөгө келгендиктен эмес, башка чет жактарга эмгектенгени кеткендер. Арасында Кыргызстанга келгендер да бар. Анткени өлкөдө өсүш болуп, айлыктар көтөрүлдү жана жумуш орундары түзүлдү. Президенттин демилгеси менен 10 миң үй-бүлөгө ипотекалык үй курулуп атат. Анын басымдуу бөлүгү мигранттарга берилет. Бул чаралар алардын агымын азайтып, мамлекеттин келечеги болгон балдар ата-энесинин мээриминде татыктуу тарбия алуусуна шарт түзүү”,- деп сөзүн жыйынтыктады Нурланбек Шакиев.