Чүй облусунун аймагында жыл башынан бери 1555 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы 10 айда 1360 кырсык катталган. 2013-жылы январь-октябрь айларындагы жол кырсыктарынан 313 адам каза болуп, 2 миңден ашуун адам жаракат алган.
Мындан сырткары жол кырсыктарынан 36 бала каза таап, 339у жаракат алган. Балдардын катышуусундагы кырсыктар өткөн жылга салыштырмалуу 10 пайызга көбөйгөн.
Азыркы тапта Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору “Рулда” аттуу профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө.