Экинчи Элдик курултай өз ишин улантууда

Бүгүн, 16-декабрда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында экинчи Элдик курултай өз ишин улантууда.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ошондой эле аймактардан шайланып келген 700гө жакын делегат катышууда.

Курултайдын жыйынтыгында экинчи Элдик курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Эскерте кетсек, кечээ, 15- декабрда иш-чаранын биринчи күнү өттү. Анда өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат чогулуп, чет өлкөдө жашаган мигранттардын, диний конфессиялардын өкүлдөрү да келишти.

Курултайда мамлекет башчысы өлкөдөгү абал тууралуу кайрылуу жасап, биринчи Элдик курултайдын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча аткарылган иштер, реформалардын жүрүшү тууралуу айтып берип, ошондой эле улуттук баалуулуктарды сактоо, уюштуруу жана өнүктүрүү максатында көрүлүп жаткан чараларды белгилеген.

Андан кийин сөз кезеги делегаттарга өтүп, алар өз шайлоочуларынын айткандарын, алардын оюн, үнүн жеткиришти, сөздөрүндө аймактарды жана айылдарды өнүктүрүүгө басым жасап, социалдык маселелерди, атап айтканда, бул тармактын кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу темасын көтөрүштү. Жалпы 75 делегат чыгып сөз сүйлөдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан