Төкмө акындар Азамат Болгонбаев менен Элмирбек Иманалиев Кореяда өз өнөрлөрүн тартуулашты. Бул туурасында КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, маданий кече 15-декабрда Сеул шаарында болгон. Аталган кечеге Кореяда окуп, иштеп жүргөн кыргызстандыктар катышкан.