
"Абдыш-Ата" футбол клубунун жарым коргоочусу
Кайрат Жыргалбек уулу 2023-жылдагы өлкөнүн эң мыкты оюнчусу деп табылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдирди.
Маалыматка ылайык, Football Awards 2023 башкы футбол сыйлыгын тапшыруу аземи кечээ, 16-декабрда Бишкекте өткөн.
Бул наам үчүн ал улуттук команданын мүчөлөрү Алимардан Шүкүров жана Християн Браузман менен ат салышкан.