Ысык-Көлдө облустук ооруканадан өрт чыкты

Бүгүн, 18-декабрда Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын кардиология бөлүмүндө өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалымдалгандай, өрттү өчүрүүгө бир күжүрмөн эсеп тартылып, кардиология бөлүмүндө жаткан 60 бейтап жана 4 медицина кызматкерлери эвакуацияланган. Бактыга жараша жабыркагандар жок.

"Тилсиз жоо бүгүн эртең менен саат 07:40та толугу менен өчүрүлдү. Өрттөн улам оорукананын 12 чарчы метр шыбы күйүп кетти" - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан