Ысык-Көл облусундагы базар ээлери дагы ижара акысын 20 пайызга арзандатты. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун ири соода-базар комплекстеринин ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында соода жайларынын ижара акысын 20 пайызга чейин төмөндөтүү макулдашылды.
Соодагерлер үчүн ижара баасын төмөндөтүү чечими төмөнкү соода-базар комплекстеринин администрациялары тарабынан кабыл алынды:
- “Ак-Тилек плюс” СБКсы (Каракол шаарындагы азык-түлүк базары), А.Бараковго катталган;
- “Ак-Тилек” СБКсы (Каракол шаарындагы “кийим-кече”, “эт азыктары” жана “кургатылган жемиштер” базары), Д.Исаевге катталган;
- “Бугу” жана “Макиш” СБКсы (Каракол шаарындагы “жашылча базары”, “алтын зер буюмдары” жана “кийим-кече базары”); А.Рыскуловго катталган;
- “Ак-Тилек+5” СБКсы (Каракол шаарындагы “кийим-кече базары” жана “складдар”); Б.Өскөнбаевге катталган;
- “Ак-Тилек+2” СБКсы (Каракол шаарындагы “азык-түлүк базары”), Т.Сакеевге катталган.
Ошондой эле базар ээлери соодагерлерге тиешелүү шарттарды түзүп берүү үчүн базарлардын инфраструктурасын жакшыртуу чараларын көрүп жатканы кошумчаланды.