"Мындай иш-чаралар жаштарга дем берет". Глобалдык жаштар программасынын катышуучуларынын пикирлери

11-16-декабрь күндөрү Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында 9-Глобалдык жаштар программасы өттү. Ага Кыргызстан, Таиланд, Монголия, Вьетнам жана Индонезия өлкөсүнөн келген жигердүү жаштар катышты.

Анын алкагында катышуучулар лидерлик боюнча атайын окутуулардан өтүп, Кореянын тарыхы, маданияты менен да таанышууга үлгүрүштү. Мындан сырткары ар бир делегация өз өлкөсү тууралуу баяндап, маданиятын таанытуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Жыйынтыгында ар бир катышуучу сертификаттарга ээ болду. Иш-чара “Азия кайрымдуулук борбору" эл аралык уюму тарабынан уюштурулган.

SUPER.KG медиа порталы аталган иш-чарага катышкан жаштар менен баарлашып, программанын аларга тийгизген таасири тууралуу пикирлерин угуп көрдү.

Кыргызстандан барган жигердүү жаштардын катарында Жазгүл Назирбаева да бар. Глобалдык жаштар программасына катышып, өз билимин жогорулатканын айткан Жазгүл башка өлкөлөрдөн келген катышуучулар менен достук мамилени чыңдаганын билдирди.

"Биз кыргызстандын атынан 9-Глобалдык жаштар программасына татыктуу катышканга аракет жасадык. Программанын алкагында Кореянын тарыхый жерлери менен таанышканга мүмкүнчүлүк болду", - дейт ал.

Кыргыз тилинин өнүгүүсүнө салымын кошуп келаткандардын катарында жүргөн Нуркалый Масалбеков да Сеулда өткөн программанын катышуучусу.

"Кыргызда жакшы бир сөз бар. Алтынды бөлүнсөң азаят, билимди бөлүшсөң көбөйөт. Алмашуу программасында көптөгөн жакшы нерселерди алдык. Эң негизгиси өнүгүү жолуна түшүү үчүн адам дайыма эмгекчил болуп, илимдин жана билимдин үстүндө болсо сөзсүз жыйынтыкка жетет деген сөзгө дагы бир жолу ынандым. Албетте, маданият алмашуу, башка адамдар менен пикир алмашуу аркылуу жакшы жыйынтыктарга жете алабыз. Мындай программалардын болгону жаштарга чоң дем берет", - дейт Масалбеков.

Глобалдык жаштар программасы келерки жылы да декабрь айында уюштурулат. Катышууну каалагандар бул шилтеме аркылуу кирип толугураак маалымат алса болот.

Жазгүл Назирбаева
Нуркалый Масалбеков
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан