SUPER.KG медиа порталы Сеул шаарында өткөн Глобалдык жаштар программасынын катышуучуларынын пикирин угууну улантат.
Белгилүү болгондой, 9-ирет өткөн иш-чарага Кыргызстандын атынан 12 жигердүү жаштар катышып келди. Алардын катарында Шумкар Тынчтык уулу да бар. Кореянын борборунда кыргыз күүсүн жаңыртып, Кыргыз маданиятын даңазалап келгенине кубанып турган чагы.
"Абдан пайдалуу болду. Иш-чаранын артында дүйнө таанымыбыз кеңейди. Башкысы комуздун коштоосунда чет элдиктерге өнөр тартууладык", - дейт Шумкар.
Ал эми Жакшылык Бекназаров Кыргызстан жаштар конгрессинин төрагасы, коомдук иштерге активдүү катышып келет. Ал жаштар менен тыгыз иш алып баргандыктан бул программа ага чоң пайдасын тийгизет деген ишеничте.
Эскерте кетсек, 11-16-декабрь күндөрү Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында 9-Глобалдык жаштар программасы өттү. Ага Кыргызстан, Таиланд, Монголия, Вьетнам жана Индонезия өлкөсүнөн келген жигердүү жаштар катышты.
Анын алкагында катышуучулар лидерлик боюнча атайын окутуулардан өтүп, Кореянын тарыхы, маданияты менен да таанышууга үлгүрүштү. Мындан сырткары ар бир делегация өз өлкөсү тууралуу баяндап, маданиятын таанытуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Жыйынтыгында ар бир катышуучу сертификаттарга ээ болду. Иш-чара “Азия кайрымдуулук борбору" эл аралык уюму тарабынан уюштурулган.
Глобалдык жаштар программасы келерки жылы да декабрь айында уюштурулат. Катышууну каалагандар бул шилтеме аркылуу кирип толугураак маалымат алса болот.