Бишкекте 20 жаштагы жигит тапанча уурдоого шектелип кармалды

Бишкекте уурулука шектүү жаран кармалганын бүгүн, 19-декабрда Свердлов РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-декабрда милицияга А.Р. аттуу жаран кайрылып, ошол эле күнү борбор калаада жайгашкан кафелердин
биринде капчыгынан 1200 доллар, 3 миң 500 юань жана газ тапанчасын уурдатканын айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза Кодексинин 205-бересине (Урдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Козголгон иштин негизинде кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган С.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кармалган жаранды тинтүү учурунда андан газ тапанчасы табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан