Токтогул милициясы алдамчылыкка шектелген 64 жаштагы жаранды кармады. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Токтогул РИИБге 53 жаштагы район тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2023-жылдын 29-сентябрында өзүнө бейтааныш болгон О.А. аттуу жаран Ваз Нива үлгүсүндөгү автоунаасын күрөөгө берип, үйүндө турган 1 баш жылкысын 260 миң, 1 баш букасын 85 миң, 1 баш козусун 8 миң сомго баалап, акчасын 2023-жылдын 3-октябрда алып келип беремин деп жок болуп кеткен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
"Токтогул РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү катары Ноокен районунун тургуну 1959-жылы туулган О.А. Жалал-Абад шаарынан кармалып, Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына 2 айлык мөөнөткө киргизилген", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.