Бишкек-Алматы унаа жолу ачылды. Бирок айдоочуларга азырынча жолго чыкпай туруу сунушталат

Бишкек-Алматы унаа жолу каттамдар үчүн ачылды. Бул тууралуу "Казавтожол" ишканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, кечке жуук Казакстанда аба ырайына байланыштуу акыркы бир нече күндөн бери жабык калган республикалык маанидеги жолдор ачыла баштады:

Маңгыстау облусу: Доссор — Кулсары — Бейнеу-Сай — Утес — Шетпе — Жетыбай — Актау автожолу Бейнеу - Жетыбай айылы участкасында;

Жамбыл облусу: Мерке — Шу — Бурылбайтал автожолу Биназар айылы — Бурулбайтал айылы участкасында;

Жетисуу облусу: Сарыозек — Көктал автожолу Сарыозек айылы участкасында — Алтын Емель ашуусу.

Мындан тышкары, «Казавтожол» ишканасынын төрагасынын орун басары Сырым Хамзин Жамбыл облусунун жолдорундагы абал тууралуу жеринен маалымат берди. Машат - Шакпак тилкесинде аба ырайы калыбына келип, жолдорду күнү-түнү тазалоо иштери жүрүп жатат. Кар тазалоочу 33 техника иштеп, тыгында калган унааларды куткаруу иштери жүрүп жатат.

Мерке - Кайнар - Кордай - Отар тилкесинде бүгүн эртең менен аба ырайы жакшырды. Жолду 47 кар тазалоочу техника тазалоодо.

Участкалардын бардык узундугу боюнча бир тилке тазаланып, кеңейтүү иштери жүргүзүлүп, полициянын коштоосунда топтолгон унаалардын өтүүсү уюштурулган. Эки участокто 80 техника жана «Казавтожолдун» 230 кызматкери иштеп жатат. Бул участокторду тазалоо иштери аяктаганга чейин айдоочулардан бул жолдорго чыкпоону суранышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан