Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында салтка айланган Глобалдык лидерлик жаштар программасына (Youth Global Leadership program) Кыргызстандан барган 12 катышуучунун катарында мен да болдум. 9-ирет уюштурулган саамалык 11-декабрда башталып, 16-декабрда аяктады. Бул аралыкта аталган өлкөнү жакындан билүүгө мүмкүнчүлүк болду. Анда мени суктандырган ошол эле учурда таң калтырган Сеулдан алган эмоцияларым менен бөлүшүп өтөйүн...
Дорамаларды көп көргөн, K-pop'ту уккан адам Кореяны өз көзү менен көрүүнү самайт. Азыр Кореянын тасмаларын көп көрбөсөм дагы, кезинде Гу Джун Пё менен Гым Чан Динин сүйүүсүнө көз салгандардын катарында болгом. Андан кийин бул өлкөнүн айрым гана дорамаларын көргөнүм менен бул өлкө мен үчүн дайыма кызыктуу болчу. Сөзүмдүн башында эле баса белгилеп айтып коёюн, Корея сиз дорамаларда көргөндөй экен, бүт баары тасмалардагыдай. Бул өлкө эмне үчүн абдан кызыктуу жана эмне үчүн ал жакка мүмкүнчүлүк болгондо сөзсүз барыш керек экенин айтып берейин. Кеп башынан болсун...
Кореяга барарым бир ай мурда белгилүү болгон. Бирок бир ай узакка созулуп, күндөр ордунда туруп, өтпөй жаткандай сезилип, чыдамсыздык менен күтүп жаттым. Ошентип 10-декарбь күнү биздин өлкөдөн бара турган 12 катышуучу белек-бечкектерибизди алып, Сеулга жөнөп кеттик. Жолдогу сапарыбыз узакка созулду. Сеулга жетүү үчүн алгач Алматыга учуп, ал жакта 5-6 саат күтүп, андан кийин гана Сеулга бет алдык. 5 саатка жакын убакытта "Инчхон" аэропортуна кондук. Сеул бизди жамгыры менен тосуп алды. Аэрпорттон чыкканда эле калаада ошончо техника болгонуна карабай ыштын жок экени суктандырды. Кенен жолдор, андагы акыркы үлгүдөгү унаалар жана заманбап коомдук транспортко көзүм түштү.
Бир сааттан ашык жол жүрүп, бир жума бою жашай турган мейманканага келдик. Буюмдарыбызды жайгаштырып, жолдо чарчаганыбызга карабай сейилдегени чыктык. Кол чатырды кармап алып, соода түйүндөрүн айланып, Сеулдун көчөлөрүн кыдырдык. Кечки саат 22:00дө эле коомдук жайлар жабылып, көчөдө адамдардын саны өтө эле аз болот экен. Көрсө корей калкы эрте уктап, эрте турушат экен. Жумуштан кийин үйүнө барып эс алып, эртеңки күнгө талаптагыдай эс алуу алар үчүн көнүмүш адатка айланган. Бир гана жума күнү кечинде көчөдө эс алып жүргөн адамдарды көрүүгө болот. Бул күнү корейлер шарап ичип, бир жума бою топтолгон чарчоону чыгарышат экен. Бул өлкөдө тактайга жөлөнүп турган мас адамды көрүү адаттагыдай эле көрүнүш. Бирок мас болуп бири-бири менен мушташкандарды көрбөйсүң.
Сеул шаары өзүнүн көздү кубанткан кооздугу, заманбап технологиясы, инфраструктурасы, ылдамдык менен өсүп жаткан экономикасы, калк үчүн түзүлгөн шарты, элинин маданияты менен таң калтырды. Жарандар эрежелерди так аткарып, убакытка аябай так келишет. Саламдашканда сый көрсөтүп, ийилип, жүгүнүп турушат. Аз эле убакыттын ичинде биз дагы алардын бул адатына көнө түштүк.
Биз катышкан иш-чаранын программасы эртең менен 7:30да башталып, кечки саат 9га чейин созулуп жатты. Күндүз убакыт болбогонуна байланыштуу түнү корейлердин баары уктаганда биз шаар кыдырып жаттык. Күн сайын 3-4 сааттан эле уктап, негизги иш-чарага катышып, ошол эле кезде Сеулда сейилдөөгө да жетишип жаттык.
"Мёндон" базары - туристтер агылып келген жайлардын бири. Мында дүкөндөр, ресторандар, универмагдар жайгашкан. Аталган жерде тамак-аш, сувенир, кийим-кечелерди тапса болот. Баасы дагы калаадагы башка соода жайларына салыштырмалуу бир топ эле арзан. Мындан жакындарыбызга аз да болсо белек алууга жетиштик.
Ошол эле учурда Кореяда белгилүү болгон көчө тамактарынын "уличная еданын" кээ биринин даамын татып көрдүк. Анткени корейлердин тамак-ашынын көпчүлүгү чочконун этинен жасалат экен. Андыктан бир жума бою бир гана күрүч жана жашылча-жемиштерди жеп жаттык. Корейлердин тамактануу маданияты да өзгөчө. Тамактарында туз жана май дээрлик колдонулбайт. Мындан сырткары нан такыр жешпейт. Биз сүйүп ичкен чайды деле иче беришпейт. Кыштын күн болсо дагы муздак суу жана кофеге басым жасашарын байкадым. Ал эми чайды атайын убакыт бөлүп, чай ичүү аземдеринде гана ичишет экен. Башында корей ашканасына бир аз көнбөгөнүм менен, кийинчерээк сүйүп жеп калдым. Жеңил тамактануу ден соолукка абдан пайдалуу экенин сездим. Күн бою өзүңдү жеңил сезип, теринин сапаты жакшырганы да байкалат экен. Анткени Кыргызстанга келерим менен жакындарымдан бетимдин сонун болуп тунарып, жылтырап калганын айткан жылуу сөздөрүн уктум (ред: Корей кыздарынын жүзүнүн тунуктугуна дайыма суктанабыз. Демек, жеп жаткан тамак-ашка да көңүл буруу керек экен деп калдым).
Калаада тамак-аш өтө кымбат эмес. Ар бир бурчта сатылып жаткан тамак-ашка карабай, бул шаарда ашыкча салмактуу адамдарды жолуктуруу кыйын. Сеулдун жашоочуларынын баары дорамалардагыдай эле сулуу келип, жарашыктуу жана стилдүү кийинишет экен. Дагы бир таң калычтуу жагдай жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү тиш щетка жана тиш пастасын жанына салып жүрүшөт. Ар бир тамактан кийин тиштерин жуушат.
Шаардын көчөлөрүндө таштанды таштоочу урналарды дээрлик көрбөйсүң. Бирок ташталган таштандыны көрүү такыр мүмкүн эмес. Таштандыны таштаганда да ар бирин иргеп салышат экен. Сеулда көчөдө тамеки чегип бараткан бир да кишини көргөн жокмун. Булар тамеки чегеби деп улам жанымдагылардан сурап коём. Көрсө, түштүк кореялыктар эң көп тамеки чеккен өлкөлөрдүн катарында турат экен. Бирок коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салыныптыр. 18 жашка чыга электерге тамеки сатууга тыюу салынган. Биздегидей өспүрүмдөрдөн тартып, чоңдорго чейин каалаган жайда, каалагандай тамеки тартуу корейлер үчүн жат көрүнүш. Корейлердин жогоруда аталган сапаттарын үлгү катары алсак сонун болчудай... Кана эми ар бирибиз коомдук жайларда тазалыкты сактап, таштандыны туш келген жерге таштабай, көчөдө тамеки тартпай калсак...
Сеул ылдамдык менен өнүгүп жаткан шаарлардын катарына кирет. Калаанын өзүндө эле 20 миңдин тегерегиндеги ишканалар бар. Дүйнөгө белгилүү Hyundai, Kia Samsung, LG корпорациялары да дал ушул калаада жайгашкан. Бул ишканалардын басымдуусу роботтошуп, көпчүлүк жумушту робботтор аткарганы менен менен таң калтырды.
Дагы бир баамдаганым, Түштүк Кореянын билим сапаты жогору, ошондуктан ал өнүккөн өлкөгө айланган. Республиканын тургундарынын орточо IQ деңгээли башка өлкөлөрдүн тургундарына караганда жогору. Ал эми эң популярдуу адистиктер физика, электроника, банк иши, экономика жана машина куруу болуп саналат.
Түштүк Кореяда дүйнөдөгү эң ылдам мобилдик интернет бар, анын ылдамдыгы 75 мегабайт секунддан ашат, бул башка көпчүлүк өлкөлөргө караганда төрт эсе тез. Мында бардык нерсе санариптештирилген. Ошондой эле көптөгөн жерлерде, анын ичинде коомдук транспортто акысыз Wi-Fi бар.
Сеул асман тиреген имараттары менен да таң калтырат. Мындан отуз жылдан ашык убакыт мурун Сеулда бүткүл дүйнөнү дүрбөлөңгө салган асман тиреген имарат курулган. Анын терезелерин караңгылатуу үчүн 5 килограммдан ашык таза алтын колдонулганы айтылат. Анын бийиктиги 265 метр. Жергиликтүү тургундар мунараны кабаттарынын санына карап "63" деп аташат.
Кореянын дагы бир бренди бул K-pop экени талашсыз. Бул жанр Кореяда пайда болуп, тез эле дүйнө жүзү боюнча миллиондогон күйөрмандарды тапкан.
Кызыктуу фактылар:
Мени таң калтырган дагы бир жагдай, кореялыктардын 70 пайыздан ашыгы эч кандай динди карманышпайт экен. Бирок ага карабай, эли ийкемдүү, сылык-сыпаа мамиле жасашат жана абдан маданияттуу.
Сеулда өткөргөн убакытта шаардын кооздугуна, элинин маданиятына гана суктанбастан, Кореянын тарыхы жана өнүгүү жолу тууралуу да маалымат ала алдым. Калаадагы тарыхый жайлар суктандырбай койбойт. Алардын сап башында "Кёнбоккун" жана "Букчхон" салттуу айылы турат. Калаанын так ортосунда мына ушундай тарыхый жайлардын орун алганы үчүн дагы Сеул бир эле кезде заманбап жана тарыхый шаар болуп саналат. Дал ушул кооздукту көрүү үчүн дагы дүйнөнүн булуң-бурчунан Сеулга агылып келгендердин саны арбын болсо керек.
Сеулда өткөргөн бир жума эсте каларлык эмоциялар менен коштолду. Бишкекке келгениме 4 күн болгонуна карабай, ал жактан алган таасирлерди жакындарыма, досторума, кесиптештериме, социалдык тармактагы замандаштарыма айтып бүтө элекмин. Чындыгында Корея коопсуз жана жашоого абдан ыңгайлуу өлкө экенине дагы бир жолу ынандым. Мүмкүнчүлүк болсо сөзсүз Кореяга барып, саякаттап келиңиз деп сунуштайт элем. Анткени, аларда үлгү ала турган тараптары арбын. Ал жактан алган эмоция сизде көпкө чейин жашап, жакшы сезим тартуулайт.
Социалдык тармактагы баракчаларым аркылуу Сеулга кайрадан сөзсүз бара турганымды улам белгилеп айтып жатам. Кореядан алган эмоциялар кайрадан кайталанышын чын жүрөктөн каалайт элем. Сонун мүмкүнчүлүктү жаратып берген "Азия балдарына камкордук" фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө ыраазычылык билдирем!