Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундан курал-жарак жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Ысык-Көл ОИИБнен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ноябрь айынын орто ченинде милицияга Ак-Суу районунун тургуну өз үйүндө ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты райондук милицияга катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесине (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө ишеринин жүрүшүндө Ичке-Жергез айылынын 47 жаштагы Д.Т. аттуу тургуну аныкталып, жашаган жеринде мыйзамдуу тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
Тинтүү учурунда 2 даана «ТОЗ-8» үлгүсүндөгү ок атуучу курал, 10 даана 7,62 калибрдеги жана 10 даана 5,45 калибрдеги октор, 1 даана бычак, 1 окуу гранатасы жана баштыктан жапайы кара куурайдын жыты бар кургатылган өсүмдүк табылган.
Учурда соттук-баллистикалык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланууда.