Президент Садыр Жапаров "Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, учурда Бишкек – Ош жолунда, анын ичинде Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү участокто жол кыймылынын көптүгү байкалууда. Ушуга байланыштуу Өзгөн шаарынын айланасында айланма жолун куруу зарылдыгы келип чыкты. Жогоруда баяндалганды эске алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунун тармагын өнүктүрүү, Өзгөн шаарынын участогундагы Бишкек – Ош авто жолунда жол кыймылын азайтуу, Өзгөн районунун жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында, “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө”мыйзамда жана конституциянын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:
Кыргыз Республикасынын жол инфраструктурасын өркүндөтүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында автомобиль жолдорун куруу жана тейлөө эң маанилүү багыт болуп эсептелсин.
2. Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо боюнча иштерди жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин.
3. Министрлер кабинети 2024-жылдын 30-январына чейинки мөөнөттө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу маселесин иштеп чыгуу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.